Вице-премьер-министр: “Кооптуу аймакта жашаган 2 миңден ашык үй-бүлө мамлекеттен жардам алып, көчпөй койгон”

Кыргыз мамлекетинде 25-26 жылдан бери 17 589 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 4 289 үй-бүлөгө жер тилкеси бөлүнбөй, мамлекеттен жардам берилбей көчпөй калган.

Бүгүн коопсуздук кеңешинин жыйынында быйыл аларга жер тилкесин бөлүп берип, көчүрүү маселеси каралды. Ал жерге суу алып барып, жол куруу керек. Ал эми 2 252 үй-бүлө мамлекеттен жардам, жер тилкесин алып көчпөй койгон. Аларга катуу чара көрүү керек. Президент Алмазбек Атамбаев кооптуу аймактардан көчпөй жаткан элди кандай жол менен болсо дагы көчүрүү керек экенин белгиледи. Элдин коопсуздугу бизге маанилүү”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Revolyutsiya2
2017-07-17 16:08:39
Баары келип бийликтин жоопкерсиздигине жана коррупцияга такалат. Мисалы Озгон районунда 1500 тутун кооптуу жайда жашаганы аныкталса, Озгондун акими жыйын откоруп, тиешелуу айыл башчыларга кыска моонотто (3 ай ичинде) аларга болунуучу жер тилкелерин аныктап, кагаз иштерин бутуруп, архитектура менен макулдашып, ошол жарандарга тил тилкелерин болуп берууго милдеттендирилиши керек. Ссудалар жер тилкеси болунуп берилээри менен ошол уй-булолорго болунуп берилиши керек.
0
Revolyutsiya2
2017-07-17 16:13:36
Кочурулууго тийиш жарандарга жаны жайга там салып биротоло кочуп келуусу учун 1 жыл убакыт беруу керек. Кочууго тийиш болгон жаран 1 жыл ичинде Окмот болуп берген участкага там салып кочуп келууго тийиш. 1 жылдан сон кооптуу участкадагы турак-жайлар сурдурулуп, ал жерге болгон документтер (мамлекеттик каттоо жана архитектурадан берилген жерге, уйго ээ экенин тастыктаган документтер) жокко чыгарылышы керек. Бир жылдан сон кооптуу жерде эл калбаганын аким озу козомолдошу керек.
0
Revolyutsiya2
2017-07-17 16:15:03
Бул маселе баш оорутчу маселе эмес, бирок аким, МЧС, айыл окмот жетекчилери ж.б.баары оз милдетин аткарбаганынан улам жогорудагы маселе келип чыгууда...
0
asiret
2017-07-17 18:13:39
Мамлекет жер тилкесин бербей эле сатып алган жеринмамлекет берди кылып, жардамдын жарымын бербей койгондор кантет? Мындайлар толтура.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан