Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.
Күбөлөр суралгандан кийин Салянованын адвокаттары отурумга кылмыш ишиндеги башкы күбө, юстиция министринин мурдагы орун басары Жылдыз Мамбеталиеваны чакырууну өтүнүштү. Сот кеңешүүчү бөлмөгө кирип чыгып, өтүнүчтү канааттандырган жок. Соттук отурум улантылат.
Аида Салянова 2010-жылы юстиция министри болуп турганда Мамбеталиева анын орун басары болчу. Кийин аталган министрликти жетектеген.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.