Сот Салянованын адвокатын туулган күнү менен куттуктады. Соттук отурум 21-июлда уланат

Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.

Сот адвокаттардын кошумча күбө чакыруу өңдүү бир катар өтүнүчтөрүн четке какты. Мындан кийин адвокат Чынара Жакупбекова сотко 4-ирет ишенбестик көрсөттү. "Сиз ишти иликтөөгө кызыкдар эмессиз, бир нече өтүнүчтү четке кактыңыз. Тергөөнүн материалдарынан башка материалдар менен таанышкыңыз келбей жатат. Мен сизге ишенбейм", - деди адвокат.

Мамлекеттик айыптоочулар өтүнүчтү четке кагууну сунушташты.

Сот кеңешүүчү бөлмөгө кирип чыгып, өтүнүчтү четке какты. Кийинки отурум 21-июлда өтөт.

Отурумга катышып жаткандар сотко кайрылып "жок дегенде адвокатты туулган күнү менен куттуктап коюңуз" дешти. Соттук отурум жабык деп жарыялангандан кийин сот Кубанычбек Касымбеков "урматтуу адвокат, туулган күнүңүз менен куттуктайм" деди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан