Кыргыз спортчулары Түркияда өтө турган XXIII жайкы сурдлимпиадалык оюндарына катышат

Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары Түркиянын Самсун шаарында 18-30-июль аралыгында өтө турган XXIII жайкы сурдлимпиадалык оюндарына катышат. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, XXIII жайкы сурдлимпиадалык оюндарында спорттун 21 түрүнөн, 109 өлкөнүн 4000ден ашык спортчу мелдешет. Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчу грек-рим күрөш, эркин күрөш, дзюдо жана таэквандо боюнча мелдештерге катышат.

Кыргыз өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн тизмеси:

Грек-рим күрөшү:

80 килограммга чейинки салмак ченинде: Закир Турдиев - эл аралык класстагы спорт чебери;

85 килограммга чейинки салмак ченинде: Габит Айдарбеков - эл аралык класстагы спорт чебери;

98 килограммга чейинки салмак ченинде: Арам Акопян - эмгек сиңирген спорт чебери;

130 килограммга чейинки салмак ченинде: Миляс Марков - спорт чебери;

Машыктыруучу: Пётр Ялома.

Эркин күрөш:

57 килограммга чейинки салмак ченинде: Айбек Рыспеков - спорт чебери;

61 килограммга чейинки салмак ченинде: Алмазбек Исаков - спорт чебери;

Машыктыруучу: Фархат Ушуров.

Дзюдо:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Марсбек Атабеков - спорт чебери;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Ажимукан Медин уулу - спорт чеберге кандидат;

100 килограммдан жогору салмак ченинде: Ильгиз Каналбек уулу - эл аралык класстагы спорт чебери;

Машыктыруучу: Айдин Күгөлжаев.

Таэквондо:

68 килограммга чейинки салмак ченинде: Азамат Мавлоно - спорт чебери;

Машыктыруучу: Дмитрий Пономарёв.

Маалымдама: Сурдлимпиадалык оюндар - угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасындагы спорттук мелдеш. Оюндар 1924-жылдан баштап өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан