Орусиянын Оренбург шаарында 18-19-май күндөрү өткөн дзюдо боюнча Европа Кубогунда кыргызстандык Мээрим Момунова күмүш медаль алды. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, мекендешибиз финалда 63 килограммдык салмакта беларустук Евгения Зайцева менен беттешип, утулуп калды. Мындан улам ал 2-орунга татыктуу болду. Айта кетсек, дзюдо боюнча Европа Кубогуна Европа жана Азиянын 21 өлкөсүнүн спортчулары анын ичинен кыргызстандык 7 балбан катышты.