Жеңиш Разаков жол кырсыгына себепкер болгон жөө жүргүнчүлөрдү жоопкерчиликке тартуу сунушталып жатканын айтты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жол кырсыгына себепкер болгон жөө жүргүнчүлөрдү жоопкерчиликке тартуу сунушталып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-июлда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, административдик эле эмес, кылмыш жоопкерчилигине дагы тартуу керек. Жол кырсыгынын алдын алуу үчүн, биринчиден, айдоочу күбөлүк бергенде жоопкерчиликти күчөтүү, экзамен кабыл алган мамлекеттик органдардын тизмесин карап чыгуу керек экенин айтты.

Ошондой эле автомектептердин бардыгында мыйзам толугу менен иштебей жатканын белгиледи. Эки жыл мурун автомектептерди текшергенде алардын 50 пайызы талаптарга жооп бербегенин кошумчалады.

"Мындан улам бир канча автомектептердин ишмердүүлүгү токтотулган. Ал эми лицензиядан ажыратуу маселеси ачык бойдон калган. Мындан тышкары коңшу өлкөлөрдүкүндөй кылып мектеп окуучуларынын сумкаларына, кийимдерине атайын күйүп тура турган элементти тагуу зарыл”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-17 18:11:40
Эң туура! Кызыл светофорго чыккандарды тарбиялаш керек. Башын Ош базарынан башташ керек, барган адамдын б.а.р.а.н. болуп калат. Чыкканда адам болуп чыга келет кайра)
+2
Rifle_I
2017-07-17 18:13:36
Айдоочу күбөлүгүн сатуу токтотулса эле кырсыктар азайып кетпейт.
Жолдун сапатынан да көз каранды. Чукурдан качам деп сүзүшкөндөр да бар да. Атайын жол белгилери да чоң только ойнойт.
+1
ZHYRGAl1412
2017-07-17 18:46:10
Rifle_I,наоборот жол тегиз болгондуктан катуу айдап авария болуп атышат жаман болсо секин айдашат
+1
ZHYRGAl1412
2017-07-17 18:46:47
Алдын мындай коп болбойт эле жол кырсыгы азыр кобойду жол тегиз катуу айдашат
+1
aibars
2017-07-17 19:12:01
Айдоо куболуктун баасын 350-400$ кылып анан толук таза окутуп, экзаменди атайын комиссия алгандай кылып койсо. Ойду келди эле куболук алган токтойт эле. Эгер экзаменден куласа кайра 10 сабак откозуп дагы толотуп анан дагы экзаменден откоруу керек. Ошол экзамен алгандар атайын мамлекеттик болумдон барып козомол кылышса.
+4
Атасынын баласы
2017-07-17 20:13:16
aibars,жоо журуучулорду атайы белгиленген жерден отууну, ошол эле учурда ошол белгиленгер жерди туура отууну уйротсок андан сонун болоор эле... Мисалы мен жол эрежесин жакшы сактайм. Бирок менин жолум деп эле торпокчо ото бергендерди коп кором. Эки жак тен жол эрежесин толук аткарса ошондо кырсык азаят.
0
Revolyutsiya2
2017-07-17 19:26:16
Биринчи жоо жургунчулорду кое туруп айдоочуларды тартипке салып алсынчы?!! Жоо жургунчулорду антара сузгондор кайра эле машина минип журушот го опколорун колдоруна кармап алып....
+1
aibars
2017-07-17 19:30:27
Revolyutsiya2, Ооба билгени дагы куболукту мындай эле сатып алгандары дагы айдап журушот. Албетте жоо жургон адам куноолу болбойт. Машинанын ылдамдыгы менен адамдын жоо жургондогу ылдамдыгын салыштырып коруш керек. Эч ким телепорт боло албайт башкача айтканда бир секундада башка аймакка которулуп кете албайт.
0
maks94.kb
2017-07-17 20:25:37
100℅ колдойм жөө жүргүнчүнүлор кобунчосу эрежени сакташбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан