Вице-премьер-министр: “Патрулдук милиция башкы башкармалыгы кайрадан өзгөртүлөт”

Бүгүн коопсуздук маселеси боюнча Жеңиш Разаков, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Анын жүрүшүндө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы кайрадан өзгөртүлөт" деп билдирди.

“Патрулдук милицияга тиешеси жок милдеттер алынып салынат. Алар жолдо жүрүүнүн коопсуздугун сактоо боюнча иш алып барышат. Ошондой эле жол кырсыктарынын себебин аныктоо жумушу жүктөлөт. Кызматкерлер жалпы базага кирүүгө мүмкүнчүлүк берген планшет менен камсыз болот. Ал эми аларды кызматка алууда ачык сынак өткөрүлөт”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2017-07-17 18:38:03
Атын өзгөрткөндөн сапаты өзгөрөр бекен... Жол кырсыктарын азайтуу үчүн видео камераларды орнотуу керек. Антпесе кыргыз элим жол кырсыгынан кырылып калмай болду го...
+1
BekAmir
2017-07-17 19:38:51
Ошондой эле коррупцияны жок кылам десенер. Эреже бузгандардын данныйын базага киргизип правасын албагыла. Ошондо айып пулду банкка толошот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан