Элчилик: "Орусиядагы жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок"

Орусиянын Ставрополь крайындагы жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу 17-июлда Кыргыздын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 17-июлга караган түнү "Кочубей-Нефтекумск-Зеленокумск-Минеральные Воды" унаа жолунда болгон. Анда ВАЗ-2110 унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, автобусту сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана автобустун 1 жүргүнчүсү көз жумган. Андан сырткары 27 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан