Бүгүн 2017-жылдын 7-айынын 17-күнүндө Бишкекте үй-бүлө курган түгөйлөрдүн саны 17 болду

Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарында үй-бүлө кургандардын саны кадимки дүйшөмбү күнүнө караганда көбүрөөк болду, ага 2017-жылдын 7-айынын 17-күнү себеп болгонун Бакыт өргөөсүнүн кызматкери Гүлжан Атанаева билдирди.

"Башка күндөргө салыштырмалуу бүгүн үйлөнгөндөр көбүрөөк болду. Жөнөкөй күндөрү 4-5 күбөлүк тапшырылса, бүгүн 17 түгөй арыз жазып, күбөлүктөрүн алышты", - деди ал.

Жаңы үй-бүлө куруп жаткан Канат Кайыпбек уулу бул күндү тандаганынын себеби бир жагынан кокустук жана экинчи жагынан жубайынын каалоосу экенин билдирди.

"Биз негизи той күнүн 15-июлга дайындайлы дегенбиз. Ал күнү келсек, киши көп экен. Андыктан 17-июлда каттоодон өтөлү деп чечтик", - дейт үйлөнүү тоюн өткөрүп жаткан Канат Кайыпбек уулу.

Жаштар үйлөнүү тойлорун өзгөчө датада белгилөөнү салтка айлантышканы баарына маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulim_zamujem
2017-07-17 21:15:17
Бактылуу болушсун!!!
+3
BakytAliev
2017-07-18 02:38:39
Жакшы жанылык окубай да калдын го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан