Таиланддын Бангкок шаарында 20-23-июль аралыгында өтө турган күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 26 спортчу катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы Азия чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 26 спортчу медалдар үчүн күрөшөт.
Кыргыз өлкөсүнүн грек-рим боюнча курамасы:
42 килограммга чейинки салмак ченинде Талгат Ахунов;
46 килограммга чейинки салмак ченинде Бахтияр Акбердиев;
50 килограммга чейинки салмак ченинде Нуртазин Керимберди уулу;
54 килограммга чейинки салмак ченинде Байэл Сатыев;
58 килограммга чейинки салмак ченинде Марлен Асыкеев;
63 килограммга чейинки салмак ченинде Аслан Тойчуев;
69 килограммга чейинки салмак ченинде Руслан Алмасбеков;
76 килограммга чейинки салмак ченинде Акылбек Талантбеков;
85 килограммга чейинки салмак ченинде Данияр Шеримбеков;
100 килограммга чейинки салмак ченинде Мустафа Гасанов.
Ага машыктыруучу: Ратбек Мамбетов.
Кыргыз өлкөсүнүн эркин күрөш боюнча курамасы:
42 килограммга чейинки салмак ченинде Бекзат Алмаз уулу;
46 килограммга чейинки салмак ченинде Шайлообек Кароолбеков;
50 килограммга чейинки салмак ченинде Абдымалик Карачов;
54 килограммга чейинки салмак ченинде Арген Жыргалбеков;
58 килограммга чейинки салмак ченинде Кадыржан Кыргызбаев;
63 килограммга чейинки салмак ченинде Илимбек Назаров;
69 килограммга чейинки салмак ченинде Саматбек Станбек уулу;
76 килограммга чейинки салмак ченинде Каныбек Абдылхаиров;
85 килограммга чейинки салмак ченинде Арсланбек Турдубеков;
100 килограммга чейинки салмак ченинде ФарходТешебаев;
Ага машыктыруучу: Нурлат Такиров.
Машыктыруучу: Нурдин Донбаев.
Машыктыруучу: Рапилбек Асылбеков.
Кыргыз өлкөсүнүн Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча курамасы:
40 килограммга чейинки салмак ченинде Бермет Нуридин кызы;
46 килограммга чейинки салмак ченинде Бурулай Даниэль кызы;
52 килограммга чейинки салмак ченинде Айжан Сабырбек кызы;
56 килограммга чейинки салмак ченинде Нураида Анаркулова;
60 килограммга чейинки салмак ченинде Айдана Шамиева;
65 килограммга чейинки салмак ченинде Нурзат Нуртаева;
Машыктыруучу: Үсөналы Рыскулов.