Жети-Өгүздө бир унаа кырсыкка кабылып, 4 адамдын бири жандандыруу бөлүмүндө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кытай айылында 16-июлда жол кырсыгы орун алып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилишкен. Алардын экөө ооруканага жаткырылса, экөө амбулатордук дарылоодон соң чыгарылган.

"1988-жылы туулган О.К. ич жагынан, баш сөөгүнөн жабык, баш мээсинен катуу жаракат алып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. 1960-жылкы А.М. баш сөөгүнөн жабык, баш мээсинен катуу жаракат алып, согончогу сынып, көкүрөгүн оорутуп алган. Абалы туруктуу, травматология бөлүмүнө жайгаштырылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан