Министр: "Кыргыз мамлекетинин 80 пайыз аймагында күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн"

Кыргыз мамлекетинин 80 пайыз аймагында күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 17-июлда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов коопсуздук кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге берген маалыматында билдирди.

Министр билдиргендей, сейсмикалык коркунуч аймактарынын катарына Бишкек шаары дагы кирет.

“Өлкөнүн бардык аймагы сейсмикалык коркунучта турат. Мындай жерлерге күчү 6-7 баллга жеткен жер титирөө болгон жерлер кирет”, - деди.

Эске салсак, кечээ президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда коопсуздук кеңеш боюнча жыйын өткөн. Андан соң вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, министр Кубатбек Боронов, коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров журналисттерге маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
adilbars
2017-07-18 09:15:08
Эми Жээнбековду шайлашынар керек. Болбосо ушундай боло берет!- деп да кошуп койбоптур да.
+19
Beckhemqwerty
2017-07-18 10:51:13
adilbars,иним Жээнбеков сана емне кылып атат же зеериктинби атан мн Тен кишини мазактайсын
-2
Aruwka.89
2017-07-18 12:20:43
adilbars,жайлапсынго
+5
shabdan_osh
2017-07-18 09:58:51
Мындай нерсе болор болбосун бир гана Аллах билет. Боронов дагы "зима не будет" дегендей эле кылыптыр го
+17
_adil_
2017-07-18 10:00:37
Тезинен турак жайларды камсыздандыра дешпесе элеболду
+8
portugalia
2017-07-18 10:11:12
Кудай сактасын
+7
madina.87
2017-07-18 10:18:18
Оозунарга кара таш!!!Ошо Бишкектеги ак уйду жер жутса жакшы болмок.Ошолордун кесепети элге тийбей!!!
Аллах озун асыра элимди.
+10
abdyldaeva
2017-07-18 10:37:25
Эмне эле болуп калгансынар баарынар эле тескери пикир калдырып эми эскертип жатат да абайлагыла деп туура эле кабыл алсанар
+12
keba300989
2017-07-18 10:37:41
бирок оздору да качан болушун билбейт.
0
monok2001
2017-07-18 11:41:44
Кечиресинер бирок эскертип койгондун зыяны жок
+12
virtual.realist
2017-07-18 12:06:30
Эскертип айтып отсо да жаман , эскертпесе эскертишкен эмес иштебейт деп дагы жаман аттуу болушат, бечера министрлик.. :)
+7
KANAT85
2017-07-18 14:16:16
Элдин уйкусун бузуп
+1
tynara81
2017-07-18 14:43:16
Кайсы айларда экенин болжолдоп айта алышпайт бекен ээ, же кайсы жылы.Эл өзүнө сак болуп турат эле.
Жаңылышкан болушса экен ылайым!
+3
admin_superstan
2017-07-18 14:52:08
ZHYRGAl1412, этика нормаларын сактаңыз. 1 күнгө БАН!
0
Kuba-savai87
2017-07-18 16:12:12
Болжолду турдо качан?
0
aadanova14
2017-07-18 20:14:12
Админ дагы маалыматты тактап бериниздерчи
+1
admin_superstan
2017-07-19 10:16:41
aadanova14, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
Beka1986
2017-07-19 02:26:03
Аллахым озу сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан