ЖЫЛНААМА, 18-ИЮЛЬ: “Форсаж” тасмасынын каарманы Вин Дизель 50 жашка толду

Америкалык актёр, продюсер жана режиссёр Вин Дизель (чыныгы аты Марк Синклер) 50 жашка толду. Ал 1967-жылы 18-июлда АКШнын Калифорния штатында туулган.

Актёрлук кесипке кичинесинен кызыккан Вин 7 жашынан тарта өзү теңдүү балдарды чогултуп, алар менен ар кандай образдарды аткара беришчү. Бир күнү анын жашаган жерине спектакль коюп келген режиссёр айым Виндин аткарган образын байкап, өзүнүн колундагы сценарийди берген. Аны беделине жеткире аткарган Вин ошол күндөн тарта чакан спектаклдерди аткарып, күнүнө 20 доллардан гонарар алып турган.

17 жашка толгондо театрдан жетиштүү каражат таппасын түшүнүп, кино тармагына кызыга баштаган. Карьерасы үчүн чыныгы Марк Синклер атын Вин Дизелге алмаштырып, чачын кырдырып салган. Бирок алгачкы жылдары анын актёрлук талантын эч ким деле баалаган эмес. 1997-жылы чыккан “Тентимиштер” (“Бродяги”) тасмасынан соң гана атагы чыгып, белгилүү кинорежиссёрлор тарабынан байма-бай сунуштар түшө баштаган.

Актёр катышкан белгилүү тасмалар: “Форсаж”, “Таз бала багуучу”, “Жалгыз”, “Мени кылмышкер катары кабыл алгыла” жана башкалар.

Виндин жеке жашоосуна кайрылсак, 2008-жылы сүйүктүүсү мексикалык фотомодель Палома Хименес актёрго кыз, 2010-жылы уул төрөп берген. Ал эми 2015-жылы кайрадан кыздуу болуп, аны “Форсаж” тасмасынын каарманы, жол кырсыгына кабылып мезгилсиз дүйнөдөн кайткан актёр Пол Уокердин урматына Полин аташкан.

18-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dastan_nookat
2017-07-18 09:09:37
Мен балаган актёр мыкты!!
+2
mbmur
2017-07-18 10:31:57
Доминик Торетто жигит бойдон го кысталак.
0
Han1
2017-07-18 10:58:28
Мен муну ашып кетсе 35терде го деп ойлогом
0
ZHYRGAl1412
2017-07-18 13:27:24
1кызы озунуку эмес окшойт негрго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан