Кыргыз спортчулары стритбол боюнча эл аралык мелдеште 2 алтын медалга ээ болушту

Казакстандын Каскелен шаарында стритбол боюнча өткөн эл аралык мелдеште Кыргыз спортчулары 2 алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу мелдештин сайты маалымдайт.

Маалыматка ылайык, мелдеш 3 категорияда өткөрүлгөн - жаштар арасында (18 жашка чейин), эркектер арасында (18 жаштан жогору) жана кыз-келиндер арасында (16 жаштан жогору).

Кыргыз өлкөсүнөн эркектер жана кыз-келиндер арасындагы мелдешке "Bishkek" командалары катышкан, анда "Team Bishkek" командасы тайпалык баскычта «Проект Cosmo» курамасына 19:20 эсебинде жеңилип, Almaty-727 командасын 16:4 эсеби менен жеңип жарым финалга өткөн. Жарым финалда кыргыз спортчулар "Мао" курама командасынан күчтүү чыгып, эсеп 18:13 болгон. Финалда "Team Bishkek" командасы казакстандык "ПМ" командасына туш келип 17:13 эсеби менен жеңишке жетип, алтын медалга ээ болушкан.

Ал эми кыз-келиндер арасындагы мелдеште "Bishkek" командасы тайпалык баскычта 4 атаандашын жеңип, кыйынчылыксыз жарым финалга өткөн. Андан соң кыргыз кыздар "Cactus" аттуу команданы 12:6 эсебинде жеңип, финалда "Almaty-2017" командасын 7:5 эсебинде жеңип алтын медалдарын тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
grace
2017-07-18 10:11:55
Ой азаматтар! Куттуктайбыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан