Кыргыз юристи Эрмек Мамаев Нидерландынын Гаага шаарында Бүткүл дүйнөлүк сот адилеттиги боюнча өткөн форумда жеңүүчү аталды. Форум 10-13-июль күндөрү болуп, ага 75 мамлекеттен 400 юридикалык билими бар инсандар катышкан. Алардын ичинен 10 адам гана финалга өтүп, өздөрүнүн өлкөсүндөгү мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо боюнча идеялар чагылдырылган долбоорлорду сунушташкан. Анда көпчүлүккө Эрмек Мамаевдин долбоору жагып, ал жеңүүчү аталган. Жыйынтыкты уюштуруучулар жана катышуучулар арасында добушка коюу менен чыгарышкан.
Маалым болгондой, эл аралык көз карандысыз, көп кырдуу "World Justice Project" организациясы тарабынан түзүлгөн аталган форум Microsoft корпорациясы жана америкалык юристтер ассоциациясынын колдоосу менен өткөн.