Чехиянын Пардубице шаарында өтүп жаткан интеллектуалдык спорттун түрү боюнча эл аралык Олимпиадада Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары тогуз коргоол боюнча 3 медалга ээ болушту. Бул тууралуу тогуз коргоол федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тогуз коргоол боюнча мелдешке 11 өлкөдөн 80 спортчу катышкан. Кыргыз өлкөсүнүн тогуз коргоол федерациясынын президенти Камчыбек Касымов тогуз коргоолдун хавалис түрү боюнча мелдешке катышып, коло медалын тагынды. Ошондой эле тогуз коргоол боюнча мелдеште Анарбек Жамакеев 2 медалга ээ болду. Ал блиц түрүндө күмүш медалына ээ болуп, стандарттык түрүндө коло медалды жеңди.