"Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсүнүн атын Сталинге алмаштырып, паракорлорду, мыйзамсыз байыган олигархтарды сестенткибиз келет".
Мындай пикирди SUPER.KG порталына "Солчулдар коалициясынын" тең төрагасы Амантур Манапбаев билдирди.
"Биздин Чүй кең көчөсүн Сталин деп атоо оюбузду өлкөдөгү «Кыргызстан коммунисттери» партиясынын лидери Исхак Масалиев да колдоого алды. Жакынкы күндөрү көчөнүн аталышын өзгөртүү боюнча кол топтоону баштап, жыйынтыгына жараша Бишкек шаардык кеңешине жана Жогорку Кеңешке кайрылабыз. Негизи азыркы Чүй кең көчөсү 1937-жылдан 1953-жылга чейин Сталин атындагы көчө деп аталчу экен. Сталиндин атын коомчулукка эскертип, паракорлорду, олигархтарды сестенткибиз келет", - деди Манапбаев.
Ошондой эле ал 20-июнь күнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы үйлөрдүн дубалына жазылган "Чүй" жазуусун "Сталинге" алмаштырганы боюнча милицияга сурак берип, катуу эскертүү алышканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, өткөн айдын 20-июнунда Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы Чүй жана Төрөкул Айтматов көчөлөрү кесилишкен үйдүн дубалындагы Чүй кеӊ көчөсү деп жазылган тактайдын үстүнө Сталин көчөсү деп белгисиз адамдар жазып кетишкендиги тууралуу маалымат тараган. Бирок ушул эле күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымат чындыкка дал келбестигин жана жазгандар табылып чара көрүлөрүн айткан болчу.