Бишкекте ижарага берилген жердин убактысы бүткөндүктөн жалпы аянты 990 чарчы метр болгон кафе сүрдүрүлдү

Бишкек шаарында ижарага берилген жердин убактысы бүткөндүктөн жалпы аянты 990 чарчы метр болгон кафе сүрдүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Бриллиантовая рука" кафесинин жалпы аянты 990 чарчы метр. Сүрдүрүү ишин шаардык жер иштетүү жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" ишканасы менен биргеликте жүргүзгөн. Кафе жайгашкан жер мэрияга караштуу. Колдонуу убактысы бүтүп калгандан тышкары документи жок жердин аянтын мыйзамсыз кеңейтип алганы аныкталган. Учурда сүрдүрүү иштери Аалы Токомбаев көчөсүндө жүрүп жатат. Бул иштер шаардагы объектилерди инвентаризациялоо максатында жасалып жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан