Кыргыз дзюдочулар Беларуста өтө турган эл аралык мелдешке катышат

Беларустун Минск шаарында 22-23-июль аралыгында дзюдо боюнча өтө турган эл аралык мелдешке 5 Кыргыз спортчусу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, эл аралык мелдешке 5 спортчу катышат, алардын ичинде Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси жана Ислам тилектештик оюндарынын жеңүүчүсү Юрий Краковецкий, Ислам тилектештик оюндарынын коло медалдарынын ээлери Владимир Золоев, Отар Бестаев жана Бектур Рысмамбетов бар.

Кыргыз спортчуларынын тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев - эл аралык класстагы спорт чебери;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Бектур Рысмамбетов - спорт чеберге кандидат;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев - спорт чебери;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Шахриер Идрисов - спорт чебери;

100 килограммдан жогору салмак ченинде: Юрий Краковецкий - эл аралык класстагы спорт чебери;

Ага машыктыруучу: Сергей Мистрюков;

Башкы машыктыруучу: Абдужалил Юнусов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан