"Бишкек шаарындагы "Red Centre" соода борборунун алдындагы унаа токтотуучу жайдын баасы карапайым эл үчүн кымбат" дейт окурман.
"Бул унаа токтотуучу жай кимге караштуу экенин билбейм, бирок баасы кымбат. Бир аз токтоп туруп эле 40 сом бересиң. Ал жер негизи унаалар өтүүчү жол. Бирок ошого карабай жолдорду чийип белги коюп, унаа токтотуучу жай кылып алышкан. 40 сом карапайым элге кымбат эмеспи? Ошол жердегилерден унаа токтоочу жай кимге таандык экенин сурасак, бирөөлөр ижарага алып иштетет дешти. Жолдорду ушинтип ижарага алып туруп иштете берсе болобу? Мэрия көзөмөлдөйбү?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.