ЭЛДИК КАБАР: "Якутск шаарында кыргыз таксисттер кароосуз калган карыларга жардам көрсөтүп, бекер ташыйт"

"Саха Республикасынын Якутск шаарында кыргыздар көп. Ал жактагы такси кызматында иштеген кыргыз балдар өз ара акча чогултуп, кароосуз калган кары адамдарга ар түрдүү жардамдарды көрсөтүшөт", - дейт окурман.

"Такси кызматында иштеген балдар көчөдөгү кары-картаңдарды үйлөрүнө бекер жеткиришет. Такыр эле кароосуз калган, пенсияга жашап эшикке чыга албагандар бар. Аларга май, эт, макарон, консерва жана сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди жеткирип беребиз. Муну менен адамдарды улутуна жана жынысына бөлбөй, бирдей жардам берүү керек экенин жеткизели дедик", - деп кошумчалады окурманыбыз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Якутскта кыргыз таксисттер кароосуз калган адамдарга жардам беришет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gena1
2017-07-18 13:50:15
Кыргыз болуп жаралганыма Кудайга мин мертебе шугур. Кыргыздын келечеги кен. Кудай буюрса ар тармактуу бийиктиктерди багындыра турган мумкунчулуктор али алдыда.
+6
jonne
2017-07-18 14:07:09
Gena1, созундо чындык бар кошулам
+5
Nargiza1987k
2017-07-18 14:33:01
Азаматтар жарайсынар
+3
cubich
2017-07-18 16:06:23
Кыргыздын пейили кенен экендигине дагын бир жолу корсото алыпсыздар. Рахмат.
+4
gitaris93
2017-07-18 20:51:12
Азаматтар Али баары алдыда иштеринерге ийгилик, айтмакчы супер кж мени неге ватсаптан черныйга тыгып койдунар жакшы жаман кабар жанылыктарды мен эмне гордо жаткан чон атама жонотомбу мен деле эл менен болушкум келет, жакшы жанылыктардан элди кабардар кылгым келет, ушу суроомо жооп бергиле админ (коментти очурбогуло)
+1
admin_superstan
2017-07-19 10:11:52
gitaris93, купуя аркылуу жооп берилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан