Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Нарын райондук сотунун чечими менен Ат-Башы районунун ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчысы Б.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1-пунктуна (кыйноо) жана 166-беренесине (алдамчылык) ылайык күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары, анын мүлкү конфискацияланып, 3 жылга чейин белгиленген кызматтык орундарда иштей албайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ошондой эле милициянын айыл бөлүмүнүн жетекчиси К.Б. жана аталган РИИБдин Кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкери К.О. Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1-пунктуна (кыйноо) ылайык, күнөөлүү деп табылышып, 7 жылга камакка алынышып, мүлктөрү конфискацияланып, 3 жылга чейин белгиленген кызматтык орундарда иштөө мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратылышканы маалым болду.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында 2016-жылы 6-майда Нарын облусундагы УКМК башкармалыгына арыз менен Нарын районунун тургундары О.А., О.К. и Ж.Ж. кайрылышканы белгилүү болгон. Арызда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, 120 миң сом сураган жогоруда аталган кызматкерлерге чара көрүүнү өтүнүшкөн.
"Ошол эле күнү бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө, аталган милиция кызматкерлери арыз жазгандардын бири Ж.Ж. аттуу жаранды кылмышты моюнуна алдыруу максатында кыйноого алышканы белгилүү болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында арыздануучу жеңил жаракат алганы аныкталган. Ал эми 2016-жылдын 17-июлунда бул факт боюнча кылмыш иши козголгон", - деп жазылган Башкы прокуратуранын маалыматында.