Ксенья Прокопьева жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдештен алтын медаль утту

19-майда Казакстандын Алматы шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык Ксенья Прокопьева алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Мелдешке Кыргызстандан 8 спортчу катышты. 16 жаштагы К.Прокопьева 400 метрге чуркоодо 1-орунду багындырып, 10-14-июлда Донецк шаарында өтө турган өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо алды. Ошондой эле 400 метрге чуркоодо 16 жаштагы мекендешибиз Валентина Лихолетова 3-орунга ээ болду.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан