Жооптуу комитет: "ГЭС кура турган чех компаниясы менен келишимди бузууга негиз жок"

Кыргызга ГЭС кура турган чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясынын тегерегинде чуу күчөп баратат. Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин колдоосуна татыган долбоорго олуттуу шек жаралды.

Ушул жылдын 10-июлунда Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин, башка дагы 10 чакан ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган эле. Иш-чарага Кыргыз президенти жана жооптуу комитеттин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев катышкан. Көп өтпөй чехиялык ММКлар "Liglass Trading CZ" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышты. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Кыргыз бийлигине 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланды.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети долбоордун тагдыры күзүндө чечиле турганын, азырынча келишимди бузууга негиз жоктугун билдирүүдө.

"Аталган компания тендерден мыйзамдуу уткан. Тендердик комиссияга Жогорку Кеӊештин депутаттары, министрликтин өкүлдөрү, облус башчылардын орун басарлары, жалпы 39 адам мүчө болгон. Ал эми Тышкы иштер министрлиги "бул компания менен иштешпегиле" деп кат жазганын биз уккан эмеспиз. Бул кат чын эле ТИМ тарабынан жазылдыбы-жокпу такташ керек. Долбоорго ылайык, "Liglass Trading CZ" компаниясы биздин Орусияга болгон 37 миллион доллар карызыбызды төлөп бериши керек. Буга 30 банктык күн же 50 күндөй убакыт каралган. Бул аралыкта компания 37 миллион долларды төлөп берсе, анда компания ишеничтүү дегенди билдирет. Сентябрга чейин дагы убакыт бар. Азырынча келишимди бузууга негиз жок", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

Мекеме жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин өзү менен байланышуу аракетибиз текке кетүүдө. Коомчулукта өкмөткө аталган компания менен келишимди жокко чыгаруу талаптары айтылып жатат.

Аталган долбоор боюнча тендердик комиссияга мүчө болгон Жогорку Кеӊештин депутаттары булар:

Кожобек Рыспаев - КСДП фракциясы;

Исхак Пирматов - "Бир бол" фракциясы;

Эмил Токтошев - "Ата Мекен" фракциясы;

Жыргалбек Турускулов - "Республика-Ата Журт" фракциясы;

Асылбек уулу Дамирбек - "Кыргызстан" фракциясы;

Абдыкапар Султанов - "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга орусиялык "Русгидро" компаниясы киришип, келишим орто жолдон үзгүлтүккө учураган. Бул долбоор боюнча Кыргыз тарапка 37 миллион доллар карыз илинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
grace
2017-07-18 16:01:26
37млн $ды жеп алып куса албай жатасыңар да. Аны го берсин, мүрзөканага урна жасайт экен бул компания, ГЭСтерди мүрзөкана кылсын анда. Силер жегичтер болсо "Төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок " деп бири-бириңе шылтап жоголосуңар! Жер эле жутуп кетсе экен силерди!
+6
kenjebek_a
2017-07-18 16:06:01
Куздон кийин буларды таппайсын.Тышкы ишштер министрлиги тараткан билдирууну билбейт имиш.
+6
energy
2017-07-18 16:07:47
Козунорду ачкыла урматтуу чиновник тер.Кийин кеч болуп калат.эскертуу берилиптир.39 адам баарын жооп бересинер.ТИМ тарабынан жазылдыбы жокпу такташ керек дебей ТАКТАГЫЛА.Жоопкерчиликтуу иштин артынан тушкуло. Куйдургулор
+5
seni.gana
2017-07-18 16:11:12
Бул кампаниянын економикалык схемасы емне кылып бизнес кылганы баары интернетте журот го гес курбай еле курлуш мат ж б нерселерди сатат екен
+6
energy
2017-07-18 16:21:29
АШАнын убакыты аз калып баарын сатканга аракет кылып жатат.ГЕСтеги сууду мисалы
+5
BarsBaatyr
2017-07-18 16:35:46
Ошол кабыл алган 39 мучосунун аты-жонун жазып койгула.Эгер чын эле жалган компания болуп,мамлекетке зыян тийгизген болсо ошол 39 мучонун баарын тизип алып элге ташбаранга алдырыш керек.
+5
Tunerbei1812
2017-07-18 16:54:05
Тышкы иштер министрлиги окмоттун курамында го. Мындай караганда окмоттун бир колу бир колуна тоскоолдук жасап жаткандай. Болбосо кантип ТИМдин ал маалыматын билбей калат. Дагы такташ керек дегеничи туштон кийин. Эч бир жоопкерчилик байкалбайт го булардын аракетинен. 37 млн $ толойт деп отурушат уялбай.
+1
CEO
2017-07-18 17:10:26
Биринчи категлриядагы сертификаты жок, жол курууга уруксаты жок кытайлык компания былтыры Балыкчы-Корумду жолуну куруу боюнча тендерден утту болуп табылып эптеп-септеп жол курган, 2-3 жылда талкалана баштай турган... Бул жолу да омуру ГЭС куруп корбогон компанияны тендерден утту деп бешегесине кармап отурат Атамбаевдин командасы... Анткени бул компания Окмотко эн коп "доля" сунуш кылган компания болсо керек... Бугун ал компаниянын камчысын чапкандар эртенки кунунорду ойлонгула!!!
+2
RusMos76
2017-07-18 19:13:54
Негиз жок деп отура бергиле анда, болгон мамлекеттик байлыкты алдырып, биздин миллардерлер кайда озу чет мамлекетке акчанарды бекитип отура бербей кыргызстанды онуктурбойсунорбу!!!
+1
KGstan1981
2017-07-18 19:57:55
Атамбаевтин бийлигине кол топтоп импичмент жарыялайлык.Биз Туштук Кореялыктардан эмне кем жерибиз бар экен.
+2
juma82
2017-07-18 21:12:28
ГЭСтер да кумтордун кейпин кийгени калды
+1
admiral
2017-07-18 22:56:36
Урматтуу кабарчылыр, Русгилро компаниясы менен келишим эмне себептен узгултуко учураган жана эмне себептен 38 миллион доллар карыз болгон экен? Мумкун болсо тактап бул жака жазып койгулачы. Ооз менен 38 миллион доллар деп оной айтылганы менен эсептеп келгенде аз акча эмес да! Булар уялбай 38минди айткандай эле айтышып атат го.
+2
admin_superstan
2017-07-19 10:04:48
admiral, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан