Кыргыздын түндүк аймагында 4123 үй жарыксыз калды

Бүгүн, 18-июлда “Түндүк электр” ачык акционердик коому Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас облустарынын “акылдуу” эсептегичтерине кошулган 4 миң 123 абоненттеринин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрдү. Бул тууралуу “Түндүк электр” ААКсынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, керектөөчүлөрдүн өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн электр жарыгы дистанциондук түрдө өчүрүлгөн. Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча - 2 334 абонент;

Чүй облусу боюнча - 1 475 абонент;

Талас облусу боюнча - 314 абонент.

Керектөөчүлөр төлөмдү толук төлөшкөн соң “Түндүк электр” ААКсынын маалымат серверине билдирме түшкөндөн кийин гана электр тогу бериле баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
didu
2017-07-18 16:13:34
бул электриктер эптеп элди алдап казакстандан светти экспорттойбуз деп бааны которуп азыр экспорту жок эле кайра тушурбой жатат
Баары Ошо кошумча толомдун акчасы болсо керек.
+2
admin_superstan
2017-07-19 09:30:33
NARYNGRAD, TIMON_BERKOWITZ, ayjan_90, Дарыгер, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан