Өкмөт өзгөчө кырдаалдардан жабыркагандарга жеңилдетилген шартта насыя берүү маселесин карайт

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилиги астында 17-июлда "Арзан турак жай 2015-2020" мамлекеттик турак жай программасын координациялоо маселеси боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Комиссиянын жыйынында табигый кырсыктын жыйынтыгында жабыркагандарга турак жай куруу, курулушу бүтө элек жана турак жайларын калыбына келтирүү үчүн жеңилдетилген шарттагы насыялоонун механизмдери тааныштырылды.

Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам берүү боюнча өкмөт тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берилди.

"Өкмөттөн жабыркаган эки районго социалдык объектилерди куруу, жолго, электр чубалгыларын өткөрүүгө, сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн 600 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Ноябрга чейин иштер жыйынтыкталышы керек. Чоң-Алай районунда 642 үй жабыркаган, анын ичинде 10 үй 5-категорияда жабыркаган, калгандары 3-4-категорияда. Көпчүлүк жабыркаган жашоочулар өздөрүнүн күчү менен жаңы үй курууну баштаган, бирок алардын көбү өздүк турак жайынын курулушуна жана оңдоо үчүн кошумча финансылык каражатка муктаж", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өзгөн районунда жаратылыш кырсыгынан 1063 үй жабыркап, анын ичинде 72 үй-бүлөнүн турак жайы жер көчкүнүн астында калганы маалым болду.

"Турак жайсыз калгандарга биринчи кезекте жардам көрсөтүү керек. Өкмөттүн чечими менен 219 гектар жер Жаман-Адыр, Ана-Кызыл жана Куршаб айылдарынан жеке турак жай куруу үчүн трансформацияланып берилди. Бүгүнкү күндө бардык жабыркаган жашоочулар курулуш үчүн жер тилкесин алышты. Чоң-Алай району боюнча 630 үй-бүлө 39 миң сомдон алышты, Өзгөн району боюнча 72 үй-бүлө 100 миң сомдон алышты, 20 миллион сом эсепте турат. Бул каражат Өзгөн районундагы жабыркагандарга чиновниктердин катышуусусуз, өздөрү тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен бөлүштүрүлөт", - деп кошумчалады ал.

Маалыматка ылайык, жабыркаган райондордун жашоочулары турак жай курууга жана калыбына келтирүүгө узак мөөнөттүү жеңилдетилген шартта насыя алууга жардам көрсөтүүнү суранышкан.

Биринчи вице-премьер-министр Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы табигый кырсыктын жыйынтыгында жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн узак мөөнөттүү насыяларды үстөк пайызын төмөндөтүү менен берүү маселесин кароону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
komn47
2017-07-18 19:00:13
элден чогулган бар акчаны бербей насыяга беребиз дегенинер кандай?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан