Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышына карата спорттук ат оюндары өттү

16-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо туристтик сезондун ачылышына карата спорттук ат оюндары өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен бүгүн, 18-июлда кабарлашты.

Мелдештер ат чабыштын 7 түрү боюнча болду: 1400 метрге кунан чабыш, кунан жорго, 2000 метрге бышты жана асый чабыш, кунан чабыш, бышты жорго, топ байге, жорго салыш. Бардыгы мелдешке республиканын ар аймагынан келген 74 чабандес катышкан.

Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык менен сыйланышканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан