Жооптуу комитет: "Liglass Trading CZ" чех компаниясынын 383 миллион евро каражаты бар"

Активист Эдил Байсалов "Liglass Trading CZ" чех компаниясынын 383 миллион евро каражаты бар деген маалыматты чехиялык банктын өкүлү четке какканын кабарлады.

Буга чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети "Liglass Trading CZ" чех компаниясынын 383 миллион евро каражаты бар экенин, каражат чехиялык "Юни кредит банктын" эсебинде экенин ырастаган эле. Байсалов "Юни кредит банктын" расмий өкүлү Петр Плочектин чехиялык интернет басылмалардын бириндеги маегинде айткан сөзүнө шилтеме берген. Банктын өкүлү "Liglass Trading CZ" компаниясынын 383 миллион евросу тууралуу банкта эч кандай маалымат жок экенин айткан.

Ал эми Кыргыз мамлекетинин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен банктын өкүлүнүн бул билдирүүсү боюнча маалыматы жок экенин билдирип, "биздеги документтерге ылайык, "Liglass Trading CZ" компаниясында 383 миллион евро бар" деген жооп узатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
elchi84
2017-07-18 18:31:36
ЭМИ бирдеме кылып болсо да сатасынар да анан элдин эле шору да .
+4
RusMos76
2017-07-18 18:36:03
Эмнеге эле жармашып калдынар цшул компанияга, ТИМ озу жарыялап коммент бергенден качып жатат, бир балееси болбосо чоптун башы кыймылдабайт, Байсаловду да отургузуп тынбаса болгону.
-2
Revolyutsiya2
2017-07-18 20:09:32
RusMos76, анткени бул компания шектуу компания болуп жатат. Бийлик башынданылардан буйрук болгон сон ТИМ унчукпай отурууга аргасыз...

Бийлик бир карасан Тажикистанга контрабанда жрлу менен ГСМ ташыйт, бир карасан сомнительный кытай компаниялары 1-2 жылга аран жетчу жол салат, каяктагы кытайлар, еврейлер, кавказдыктар алтын-кумуш кендерин сатып алып жатат, кечоо эле самолет самолет контрабанда ташып жатты эле, эми дагы бир сомнительный компания ГЭС курат имиш...
-1
KGstan1981
2017-07-18 19:47:30
Эгерде биздин энергетикабыз Кумтордогудай Канадалыктарга сатылып кетпесин десек анда Атамбаевтин бийлигине импичмент жарыялайлык кол топтойлук.Биз эмне Туштук Кореялыктардан кем жерибиз барбы экен.
+2
edu.kg.
2017-07-18 20:29:03
Атамбаев кетееринде баарын аралаштырып кетмей болгонго. Бул шектуу компания бойунча дуйного тарадыго бийлик болсо жармашып атат бир балееси бар булардын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан