Бүгүн, 18-июль күнү Бишкек шаарында Кыргыз мамлекетинин жана Орусия федерациясынын дипломатиялык кызматташтыгынын 25 жылдыгына карата жаш балдар арасындагы шахмат боюнча мелдеш өттү.
Кыргыз шахмат федерациясынын президенти Мирлан Турпанов мелдешке жалпы 110 өспүрүм катышып “Блиц-партия” шахматтын түрүнөн жеңүүчүлөр аныкталганын маалымдады.
“Бул мелдеш дипломатиялык мамилеге гана арналбай, 20-июль күнү белгиленген улуттук шахмат күнүнө карата да уюштурулду. “Блиц-турнир” бул тез шахмат деп эсептелет, ар бир спортчуга жалпы эсебинен ойлонгонго 3 мүнөт берилет. Шахмат тармагы абдан өнүгүп келе жатат жана биз жаш балдарга күчүн сынаганга ушундай шарттарды түзүп жатабыз. Мелдеш 6 категорияда өттү, анда шахматчылар жаш боюнча бөлүнүп күч сынашты. Бул мелдешке улуу гроссмейстер Анатолий Карпов келип конок болмок, ал келгенин абдан күткөнбүз. Тилекке каршы, ал келбей калды, бирок бул жолугуу август айына жылды. Эми сентябрь айында Азия боюнча алгачкы болуп ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында мелдеш өткөргөнү жатабыз”, - деди Мирлан Турпанов.
6 жашка чейинки кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун: Айнура Исаева;
2-орун: Алиман Бакытбек кызы;
3-орун: Анандамей Даулет.
8 жашка чейинки кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун: Айжан Съездбекова;
2-орун: Айсулуу Ногойбаева;
3-орун: Аяна Абаева.
10 жашка чейинки кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун: Арина Асанова;
2-орун: Иманнур Момункулова;
3-орун: Айтурган Муратханова.
12 жашка чейинки кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун: Нурай Советбекова;
2-орун: Азалия Мирлан кызы;
3-орун: Назира Съездбекова.
6 жашка чейинки эркектер арасында жеңүүчүлөр:
1-орун: Наил Алыбаков;
2-орун: Нурэмир Азаматов;
3-орун: Данай Айталиев.
8 жашка чейинки эркектер арасында жеңүүчүлөр:
1-орун: Алишер Жеңишбеков;
2-орун: Даниил Елистратов;
3-орун: Тенгиз Шүкүралиев.
10 жашка чейинки эркектер арасында жеңүүчүлөр:
1-орун: Бектур Сатыбалдиев;
2-орун: Нурдин Юнусов;
3-орун: Тилекматали Сулайманов.
12 жашка чейинки эркектер арасында жеңүүчүлөр:
1-орун: Элдияр Орозбаев;
2-орун: Азиз Дегенбаев;
3-орун: Жакаңгир Суванбеков.
14 жашка чейинки эркектер арасында жеңүүчүлөр:
1-орун: Алмаз Съездбеков;
2-орун: Сыймык Мирлан уулу;
3-орун: Алтай Акматов.