Билим берүү министрлиги: “Бүтүрүүчүлөрдүн аттестатындагы катаны министрликтин жооптуу кызматкери жана басмакана кетирген”

“Бүтүрүүчүлөрдүн аттестатындагы катаны министрликтин жооптуу кызматкери жана басмакана кетирген”, - деп билдирди бүгүн, 18-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министр Гүлмира Кудайбердиева жана “Тартип” жабык акционердик коомунун директорунун милдетин аткаруучу Алена Артеменко бул маселенин үстүндө сүйлөшүп, бир чечимге келген. Жараксыз болуп калган аттестаттар толугу менен 20-21-июлда даярдалып бүтөт. Мындан тышкары министрликтен билдиргендей, аттестатты кайрадан алмаштырууга кеткен чыгымдарды басмакана каржылоону моюнуна алган.

Эске салсак, быйыл өлкө аймагында айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы орто билими жөнүндө аттестаты жараксыз болуп чыккан. Билим берүү жана илим министрлиги ката басмакана тарабынан кетирилгенин билдиришкен. Анда аттестаттын сыртына жазылган "Кыргыз Республикасынын" деген сөздүн аягында "н" тамгасы жазылбай калган. Бүгүн басмакананын директору катаны алар кетирбегенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Dante
2017-07-18 20:31:25
Ушул жердегилер ката кетирсе калганы кайда барат кичине жоопкерчилукту болгулачы
+8
Tatynakay
2017-07-19 01:55:58
Dante,жоопкерчиликтүү.
-1
Makain
2017-07-18 21:40:48
Жалан чондун балдары иштейт ал жакта билими томондорду жоготуш керек
+6
stal.ks
2017-07-18 22:16:45
окубаганы́ билинип калды
+6
barsbegKG
2017-07-18 23:07:56
FB же ОК кайсы эле сайтты (соц. сетти)карасаң биздикилерде ката көп. Айрыкча оо, уу, үү, келген жерде.
+6
Sagidko88
2017-07-19 00:04:16
Менин дипломумда дисциплина дегенди дисиплина деп коюшкан. Уят эле
+4
RusMos76
2017-07-19 00:50:22
Билим министрлиги менен типография бири бирине шылтап жатса уят эле го!
+5
zz2013zz
2017-07-19 01:34:26
Министирлердин баары АШАнын шорпуру же жан сакчысы болсо,дагы эмнени куттунор эле кыргыз элим
+3
Tatynakay
2017-07-19 02:03:49
Азыр форумга кирип кайсы теманы окуба,айрыкча "жүрөк сырында "ушул сыяктуу сөздөрдү көп кездештиресиң.Мисалы:атасыны,апасыны,эжесини,башыны,көзүнү ж.б.д.у.с.Бул сөздөрдү кайсы жактыктар жазаарын билбейт экенмин.Балким тиги аттестат жазгандар да "республикасыны"деп жазгандарына караганда ошол жактыктар го)))
+3
e-vawa.
2017-07-19 04:41:59
9- класстагы аттестатымда Нурсултанбек деп жазып коюшкан, 9- кл бутуп жатканда аттестатка бут данныйлар паспорт боюнча копиялар жыйналат эмесби. Анан кантип Нурсултан деген атыма Нурсултанбек деп жазып коюшкан, алигече тушуно албайм. Бул катаны да 4 жылдан сон Колледжди аяктап, колго тийгенде коруп жатпаймынбы. Тообо.
0
alisherchik
2017-07-19 07:41:52
e-vawa.,
9-класста паспорт бербейт ко.
+1
HanTegin
2017-07-19 11:31:23
e-vawa.,9-класста аттестат эмес куболук берилет. Аны класс жетекчин жакшылап текшериш керек болчу. 4 жылга чейин кантип байкаган жоксун.
0
Leilektik
2017-07-19 06:04:54
Ленинда адашкан коп озунорду Айдан тушкондой елестетпегиле баары адашат ,моюнуна алып ондоп жатышат екенго
-3
aika2015
2017-07-19 08:36:44
мен да быйыл мектеп бутурдум. Биз аттестатты алмаштырдык ката экен деп. Бизге аттестаттын ичиндеги баракты алмаштырышты го. "Бул барак аттестатСЫЗ жараксыз" деген жери бар эмесби кашанын ичинде ошону "бул барак атестатЫ жараксыз" деп жазылган экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан