Испаниянын түндүгүндөгү Альмасан шаарынан алыс эмес аймакта чоң көлөмдүү мөндүр жаады. Мындай маалыматты бүгүн, 19-июлда чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бир нече мүнөт бою тынымсыз катуу жааган мөндүр имараттарга зыян келтирип, унааларды талкалаган. Ошондой эле табият кырсыгынан талаада жайылып жүргөн койлор өлгөн. Жаандан кийин тиешелүү кызматтар аймакты тазалоо үчүн кар тазалоочу техника колдонууга аргасыз болушкан.