Кечээ, 18-июлда Днепр райондук сотунда Виталий Седюк аттуу пранкердин иши боюнча сот чечими чыкты. Ал бейбаштык боюнча айыпталып, жыйынтыгында ага 8,500 гривен (болжол менен 328 доллар) айып пул салынды. Седюк бейбаштыгын моюнуна алып, кылыгы үчүн кечирим сураган. Ошондой эле экинчи бейбаштык менен алектенбесин да билдирген.
“Ал күнү эмнегедир сахнага чыккым келе берди. Анан жөн эле сахнага чыгып “менин атым Виталик” деп айтуу баналдуу сезилди. Элдин эсинде кала турган нерсе жасоону кааладым. Бул экинчи кайталанбайт. Мен болгону 28 жаштамын, жумуш таап иштешим керек. Шакабалык үчүн бирөө мага акча төлөп бермек беле?” - деген ал.
Эске салсак, "Евровидение" сынагынын мурунку жеңүүчүсү Жамала сахнада ырдап жаткан кезинде Виталий Седюк сахнага Австралиянын желегин көтөрүп чыгып, шымын чечип, камерага жамбашын көрсөткөн. Ырчы ага көңүл бурбай ырдай берген, ал эми пранкерди күзөт кызматкерлери алып кетишкен жана ал болжол менен 5 жылга эркинен ажыратылары айтылган.
Пранк – англис тилиндеги "prank" сөзүнөн алынган, "тентектик, тамаша, шакаба" дегенди түшүндүрөт.