Кечээ, 18-июль күнү кечке жуук Бишкектин четиндеги Маевка айылындагы кафелердин биринин алдына 100дөй адам чогулуп турганы тартылган видео интернетке тараган. Ызы-чуу болгон жерден милициянын унаасын да көрүүгө болот.
Видеодо кафенин ичиндегилердин бири мас абалда болуп: "Балдар, силер түшүнбөйсүңөр. Биз жалгыз сүйлөшөбүз. Мен ага 50 сом берчи деп айттым, ал телефонун көтөрүп "азыр берем, азыр чечебиз" деп сыртка чыгып кетип, телефон чалды", - деп айтканын угууга болот.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурбек Токтосунов окуянын чоо-жайын SUPER.KG'ге ачыктады.
"18-июль күнү саат 19:00 чамаларында Маевка айылындагы "Айсберг" деген кафеге ошол аймакта жашаган 1980-жылы туулган И.Ж. аттуу жаран кирген. Ал жердеги цыган улутундагы 1989 жана 1993-жылы туулган айылдын эки тургуну спирт ичимдигин алууга 50 сом жетпей калып, андан сурашкан. Бирок И.Ж. макул болбой койгондо аны сөгүп, уруп коюшкан. Ошол жерде жүргөн эл ызы-чууну угуп чогулуп келгенде, алар кафеден чыкпай туруп алышкан. Бул боюнча саат 20:00 чамаларында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Маевка айылынан бейбаштык фактысы боюнча маалымат түшүп, оперативдүү топ окуя болгон жерге чыгып кетип, бейбаштык кылган эки тургунду кармап келишти. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, эки тургун убактылуу камакка алынды. Учурда экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Токтосунов.