Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугуна тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Иран курамасы менен беттешет. Бишкек сааты боюнча саат 19:00дө башталат.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн 23 жашка чейинки футболчулары "А" тайпасына кирип, Иран жана Оман курама командаларынын оюнчулары менен беттешет. Валерий Березовский машыктырган командага жалпы 23 футболчу чакырылган.