Бишкектин Чүй кең көчөсүнүн атын Сталиндин ысымына алмаштыргысы келгендерге айып пул төлөө милдеттендирилди

Бишкек шаарынын Чүй кең көчөсүнүн атын Сталиндин ысымына алмаштыргысы келген "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын мүчөсү Амантур Манапбаевге Свердлов райондук соту майда бейбаштык боюнча айыбын угузуп, айыпка жыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Амантур Манапбаев билдирди.

"Кечээ, 18-июлда бизди Свердлов РИИБинин Чыгыш-5 кичи районундагы аймактык тескөөчүсү кечки саат 17:00дөр чамасында райондук сотко алып барды. Соттон мага жана Жалил Жапиев аттуу партиянын дагы бир мүчөсүнө майда бейбаштык беренеси боюнча, ар бирибизди 1500 сомдон айып төлөөнү милдеттендирди. Бирок биз чечим менен макул эмеспиз. Анткени Свердлов райондук соту бизге жактоочусуз, жумуш убактысы аяктаган маалда 18:00дөн кийин чечим чыгарды. Биз эми Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылабыз", - деди Манапбаев.

Эскерте кетсек, өткөн айдын 20-июнунда Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы Чүй жана Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн дубалындагы көчөнүн аталышы жазылган тактанын үстүнө "Сталин көчөсү" деген жазууну чаптап кетишкендиги тууралуу маалымат тараган. Бирок ушул эле күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымат чындыкка дал келбестигин жана жазгандар табылып чара көрүлөрүн билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Adi.Avazbekov
2017-07-19 09:50:08
Kamap ele salgylachy myndailardy
Kantip uwundai kyldy
Kyrgyz bolo turup
+8
Suzak12
2017-07-19 13:25:08
Adi.Avazbekov,туура айтасын дагы макул эмесбиз деп силерди озу 15 суткага камап салбаптыр озу.
0
Shaa-82
2017-07-19 09:51:21
Россияга кууп ийгиле депорт кылып.
+3
kanat.ozgorush
2017-07-19 10:55:08
ээнен тааза далдырларго мээси ордунда элеби булардын манас деп чыккылачы каяктагы бир чыгаан аталарыбызды кырган кишини койобуз дебей
+1
Alixan-Nookat.2015
2017-07-19 17:58:48
Мээсине ыссык отуп кеткендер окшойт айып пул салбай камап салыш керек эле салкында мээси ордуна келип чыгат эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан