Өткөн суткада республика боюнча 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 14, Ысык-Көл облусунда 3, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылынын ортосундагы жолдун боюндагы 24 терек, 4 гектар жердеги чабылып, куураган чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.