Баткендин 23 жаштагы тургуну Дастан Турдалиев Словакия жана Голландияда өтүүчү бий сынактарына катышат

Баткен облусунун 23 жаштагы тургуну Дастан Турдалиев Голландия жана Словакияда өтүүчү бий сынактарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышат. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына бүгүн, 19-июлда маалымдады.

Анын айтымында, 70 өлкөнүн брейк-данс боюнча бийчилери катыша турган “Outbreak 2017” сынагы 28-29-июлда Словакияда, ал эми 100 мамлекеттен 3-4 миңден ашуун бийчи катышчу “IBEnotorious 2017” сынагы 4-6-август күндөрү Голландияда өтмөкчү.

“Мен алектенген бийдин багыты брейк-данс болгондуктан ал жакта шоу көрсөтпөйм. Болгону атаандаштарым менен баттлга түшөм. Буга чейин КМШ өлкөлөрүнүн жана жергиликтүү бийчилердин арасында өткөн бир нече сынактарга катышып жеңүүчү аталгам. Мындан улам чет жакта өтүүчү сынактарга катышууга жолдомо алдым. Негизи бий менен алектенип баштаганыма быйыл 5 жыл болду. Бул мен үчүн хобби. Өзүм коомдук фонддордун биринде эмгектенем”, - дейт ал.

23 жаштагы Дастан Турдалиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gul.1995
2017-07-19 10:22:59
Ийгилик)))
+5
keba300989
2017-07-19 10:53:45
биринчни албасанда мейли бирок Кыргызстандан катышып аткан балдарда бар экенине суюунуп атам
+5
ayjan_90
2017-07-19 14:13:04
Баткен аяшава дегендер кана менин жердешиме ийгилик башка бир демке болсо еле жабышып аласынар го
+3
Nuriza.kubatova
2017-07-19 14:50:42
жердеш
+1
Stervashka
2017-07-19 20:39:57
Молодец,Баткендин данкын чыгарып койчу укам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан