ЖЫЛНААМА, 19-ИЮЛЬ: "Темир муштум" атка конгон мушкер, украиналык саясатчы Виталий Кличко 46 жашка толду

Украиналык мушкер, профессионалдык бокс боюнча супер оор салмакта WBC версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Виталий Кличко 46 жашка толду. Ал 1971-жылы 19-июлда Чүй облусунун Беловодское айылында жарык дүйнөгө келген. Ал рингде "Темир муштум" ("Железный кулак") каймана атка ээ болгон. Виталий Кличко профессионалдык бокска 1996-жылы келген. 1999-жылы 25-мушташын өткөрүп, WBO версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталган. Ошол эле жылы 25 беттешти нокаут менен уткан биринчи супер оор салмак категориясындагы дүйнө чемпиону катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Андан туура бир жыл өткөн соң Крис Берд менен болгон беттеште утулуп, чемпиондук наамынан ажыраган. 2005-жылы чоң спорттон кеткенин расмий жарыялаганы менен, бокс дүйнөсүнөн толугу менен кеткен эмес.

2006-жылы апрель айында мушкер Киев шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, саясатка аралаша баштаган. Учурда ал Киев шаарынын мэри кызматын аркалайт.

19-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан