Кемин районундагы жол кырсыгынан айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 18-июль күнү саат 21:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында болгон. Анда Ниссан Микро үлгүсүндөгү жеңил унаа оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу, 1954-жылы туулган Т.К. ооруканадан каза болгон.
Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.