"Манас" эпосу башкыр тилине которулду

Кыргыздын "Манас" эпосу башкыр тилине которулду. Бул тууралуу Башкортостан Республикасынын "Офис-группа" коммерциялык эмес уюму бүгүн, 19-июлда кабарлады.

Китептердин бет ачарына тарыхчылар, коомдук ишмерлер, окумуштуулар, саясатчылар, этнографтар жана изилдөөчүлөр катышмакчы.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Кыргыз жеринде Башкортостан Республикасынын маданият күндөрү өткөн. Анда аталган өлкөнүн демилгеси менен кыргыздын көлөмдүү эпосун башкыр тилине которуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, макулдук берилген. Котормонун үстүнөн 5 лингвистикалык топ иштеп, анын башында лингвистика жана маалыматтык технология лабораториясынын башчысы Зинура Сиразитдинова турган. Ал эми котормонун эң биринчи экземпляры ушул жылдын июнь айында Башкортостандын президенти Рустэм Хамитов тарабынан Кыргыз өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге тартууланганы маалымдалат.

“Манас” эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес байлыктарынын катарына кирген жана "Гиннесстин Рекорддор китебине" эң көлөмдүү эпос катары катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aibars
2017-07-19 18:27:05
Эпос улуу жолдорду багындыра берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан