Бишкектеги Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине кол өнөрчүлүк менен алектенген эне-кыздардын эмгектери көргөзмөгө коюлат.
"Эне-кыз же муундан муунга өтүүчү өнөр" аталышындагы көргөзмөдө Кыргыздын белгилүү кол өнөрчүлөрү жана алардын кыздарынын колунан жасалган эмгектерди көрүүгө болот.
"Айымдар элдин руханий байлыктарын сактап, өнөрдү мураска калтырып келген. Иш-чара аркылуу кол өнөрчүлүк, кийим дизайны, графика өңдүү искусствонун ар кыл тармагында иштеп келе жаткан кыргыз айымдары кыздарынын тандоосуна кандай таасир бергени көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, көргөзмөгө 9 жаштан 90 жашка чейинки өнөр ээлери катышат. Алардын ичинде кийизден түрдүү буюмдарды жасаган чебер Жамбы Карыбеков үч кызы менен, сүрөтчү Данакан Ашаканов кызы кийим дизайнери Айпери Обозова жана башкалар бар.
Иш-чараны Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен Роза Отунбаеванын демилгеси фонду уюштуруп жатат.