Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-23) Азия чемпиондугуна тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Иран курамасы менен беттешти. Оюн 90 мүнөт бою кызуу жүрүп, эки команда тең жогорку деңгээлдеги футбол тартуулашты.
Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө атаандаштар үстөмдүк кылып, бир нече жолу дарбазага топ киргизүү аракетин көрүшкөнү менен, 11-мүнөттө Кыргыз футболчусу Роман Левченко эки коргоочуну алдап өтүп, эсепти ачты. Бирок арадан 3 мүнөт өтпөй Иран өлкөсүнүн курамасынын чабуулчусу Реза Шекари жооптук голду киргизди. 42-мүнөттө ирандык жарым коргоочу Али Гулизаде бир канча коргоочуларды жазгырып өтүп, эсепти 1:2 кылды. Муну менен катар 44-мүнөттө башкы калыс Кыргыз өлкөсүнүн коргоочусу Аскарбек Салиев экинчи сары кагазын көрсөтүп, үй ээлери 10 оюнчусу менен калды.
Экинчи таймды коноктор чабуул менен баштаганы менен, Кыргыз футболчулары топту карамагына алышты. Күйөрмандардын колдоосу менен чабуулдарын күчөтүп, маал-маалы менен коноктордун дарбазачысына кооптуу соккуларды узатып жатышты. Роман Левченконун башы менен узатылган соккусу таамай болгону менен калыстар офсайд деп белгилешти. Акыркы мүнөттөрдө Сүйүнтбек Мамыралиев жана Бахтияр Дүйшөбековдун соккусун Иран дарбазачысы тосуп кетти. Кыргыз жаш футболчулары биринчи таймга караганда экинчи бөлүктө мыкты оюн көргөзүшкөнү менен, эсепти теңей албай калышты.
Бул оюн менен "А" тайпасында Иран 3 упайга ээ болуп, 1-орунга көтөрүлдү. Эми Кыргыз футболчулары 21-июлда саат 19:00дө Оман менен ойнойт.