Бишкекте 3 жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Унаалардын кагылышы Элебаев жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктан 3 унаа тең жараксыз абалга келген. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Бир нече сааттан кийин түн ичинде жүргүнчүлөрдүн биринин абалы начарлап, ооруканага кайрылган. Учурда кырсыктын себептери териштирилүүдө. Жол кырсыгына кабылган унаалар айып аянтына токтотулду. Кырсык 19-июль күнү саат 10:30 чамасында болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.