Малина өстүрүү машакаттуу да, кирешелүү да иш болуп саналат. Ага кам көрүү түйшүгүн моюнуна алып, андан пайда көргөн дыйкандар аз эмес. Кадамжай районунда жашаган ар бир экинчи үй-бүлө малина өстүрөт. Учурда аталган райондогу ысык айылдарда малинанын жазгы түшүм алуу сезону бүттү. Дыйкандар күзгү жыйноо ишине даярдык көрүп жатышат. Ал эми Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактары салыштырмалуу суук болгондуктан бул айылдарда малина терүү иштери уланууда.
Кадамжай районуна караштуу Таш-Дөбө айылынын тургуну Рахманберди Анарбаев 18 жылдан бери малина өстүрүү менен алектенет. Айылда алгачкылардан болуп малина өстүрүүгө киришкендердин бири. Азыркы тапта ар бир үйдө малина бар деп айтууга болот. Багында өрүк, жүзүм сыяктуу башка мөмө-жемиштер болгону менен, малина отургузулган аянтты кеңейтүүнү көздөп келет.
Алар жалпы 30 сотых аянтка малина отургузушкан. Бир сезондо дээрлик 200 миң сомдон ашык пайда көрүүгө болорун айтат. Көбүнчө өздөрү карашканы менен, малинанын түшүмдүүлүгү көп болгон маалда кошумча адамдар жардамга келишет.
Малинанын көчөтүн эрте жазда күн жакшы тийген, нымдуу, борпоң жерге отургузуу керек. Ар бир көчөттүн аралыгы 0,5 метр болгону жакшы. Жаңы отургузулган көчөттү кандай кароо керектиги тууралуу Рахманберди Анарбаев айтып берет.
"Малинанын тамырдан ажыратылган көчөтүн башка жерге отургузуп алгандан кийин отоп, суу куюп, өстүрүп алуу маанилүү. Ал үчүн жер семирткичтерди, кык салуу кажет. Узундугу 1 жарым метрден ашканда үстүнөн ылдыйды көздөй 2-5 сантиметрге кыркуу зарыл. Малинанын бою көп узун болбошу керек, кыркылгандан кийин байланат", - дейт ал.
Малинаны өскөнгө чейин жакшы караса, түшүмдүүлүгү ошончолук жакшы болот. Көчөттөрдү тез-тезден сугаруу зарыл.
Малинаны терип бүткөн соң дароо сугарса, 3 күндөн кийин дагы бышып калат. Күн жакшы болуп, сезон кызыган маалда бир күндө 200 килограммга чейин түшүм алууга болот.
Малинаны көбүнчө Ош жана Жалал-Абад облусуна сатыкка алып кетишет. Бишкекке ташыгандар да бар.
Июль айынын ортолорунда малина терим бүтөт.
Дыйкандар малина өстүргөндөр көбөйгөн сайын баасы арзан болуп жатканын белгилешет. Баасы 50-70 сомдон болот. Малина азайганда баасы 100 сомго чейин көтөрүлөт.
Июль айынын соңуна чейин жазгы түшүм берген малинанын сабактары кыркылып, кийинки чыккан жаңы сабактар алардын ордуна байланат. Малинанын кыркылган сабактарын кургатылгандан кийин отун катары пайдаланууга болот.