Өмүрбек Текебаев 2010-жылы 13-майда кайсы жыйындарда болгонун айтты

Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды.

Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Текебаев менен “Супара” этно-комплексинде жолукканын айткан. Бирок күбө катары суралган Отунбаева, Сариев, Салянова, Нарынбаев, Абдрахманов, Боронбаевдер Текебаев түштөн кийин “Ак Кеме” мейманканасында жыйында болгонун айтышкан. Жактоочу буга негиз кылып, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө кошуп, 13-майдагы иш-чараларды чагылдырган маалымат каражаттарынын материалдарын, стенограмманы тергөө материалдарына тиркөөнү өтүндү.

"13-май күнү саат 09:00дөн 13:30га чейин "Хайат" мейманканасында Роза Исаковна баш болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жыйынга катышканбыз. Мен саат 14:00дөн 17:30га чейин Убактылуу өкмөттүн чукул жыйынына катыштым. 18:00 чамасында Конституциялык жыйынга бардым. Ал жерден 20:00дөн өткөндө кайра Убактылуу өкмөткө кеткем. Биздин күбөлөр сөз менен эмес, объективдүү далилдер менен көрсөтмө берди. Тергөөдө бул күн маанилүү тарыхый күн. Бардык жолугушуу жыйындар документтер бекитилип, жүздөгөн адамдардын катышуусу менен болгонун эске алышкан эмес. Ошондуктан бул документтерди тергөө иштерине тиркөөнү колдойм", - деди Текебаев.

Ал эми айыпталып жаткан Чотонов "13-майга койгону Кудай бизге жардам бергендей сезилет да. Тергөөчүлөр Маевскийдин билетине карап сценарий түзүшкөн. Мен муну Жараткандын бизге болгон жардамы деп ойлойм” деди.

Мамлекеттик айыптоочу бул өтүнүчтү четке кагууну сурады. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан