Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы Канадада өтө турган 41-эл аралык Монреаль кинофестивалында баш байге үчүн ат салышат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда "Саякбай манасчы" коомдук фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, фестиваль ушул жылдын 24-августунда өтөт. Буга чейин Монреаль эл аралык кинофестивалына Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка", Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында", Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун "Атанын керээзи" тасмалары катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.
Белгилей кетсек, аталган фильмдин бет ачары Кыргыз өлкөсүндө 31-августта өткөрүлөт. Тасмада манасчы Саякбай Каралаевдин образын көпчүлүккө Бопуш ысымы менен таанылган актёр Марат Жанталиев жараткан.