Кечээ, 20-июлда эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунун 468-чакырымында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаа оодарылып, аны артында келе жаткан Хонда Одиссей сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен Хонда Степвагондун ичиндеги 8 адам (3 аял, 4 эркек жана 1 кичинекей кыз) окуя болгон жерден каза болгон. Алардын баарынын аты-жөнү такталды.
1. Эрмекбай Жунусмамат уулу, 1994-жылы Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында туулган;
2. Шамшидин Бердибеков, 1970-жылы Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган;
3. Адинахан Дусматова, 1973-жылы Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган;
4. Малика Асанова, 2014-жылы Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган;
5. Гүлнара Төрөгелдиева, 1965-жылы Кара-Кулжа районунда туулган;
6. Фатима Толубаева, 1979-жылы Кара-Суу районунда туулган;
7. Исламбек Бактыбеков, 2000-жылы Өзгөн районунун Кароол айылында туулган;
8. Алмазбек Султанов (туулган жылы, жерлиги тактала элек).