Индияда автобус 300 метр бийиктиктен кулап кетип 30 адам көз жумду

Индиянын Шимла районунда жүргүнчүлөрдү ташыган автобус 300 метр бийиктиктеги капчыгайдан кулап кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары The Times of India агенттигине таянып жазууда.

Маалыматта айтылгандай, автобус Шимла районундагы Реконг-Пео аймагынан Солан шаарына бара жаткан.

Жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаада 40тан ашык адам болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан каза болгондордун саны 30га жетти. Анын ичинде автобустун айдоочусу менен жүргүнчүлөрдүн жол акысын топтогон көзөмөлдөөчү да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Razzak.kg
2017-07-20 22:15:29
Кудай сактасын, табият кырсыгынан, жол кырсыгынан, асмандан жерден келчуу балээлердин баарынан. Жаткан жерлери жайлуу болсун...
+2
Kuba-savai87
2017-07-21 10:42:10
Эмне болуп тушуп кетиптир? Тагыраак маалымат жокбу? Жаканы кармай турган окуя болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан