Бразилиялык модель Жизель Бундхен 1980-жылы 20-июлда Бразилиянын түштүгүндөгү Оризонтина шаарында туулган. 14 жашынан тарта моделдик кесипке аралашып, атактуу “Versace”, “Dior”, “Victoria's Secret” мода үйлөрү менен көп убакыттан бери иштешип келген. Моделдик иштен сырткары өзүн “Нью-Йорктук такси” жана “Прадо кийген азезил” тасмаларында сынап көргөн. Учурда “Gisele Intimates” маркасы менен ич кийимдерди чыгарып, анын жарнамаларына өзү тартылып жүрөт.
Модель 2000-2005-жылдар аралыгында Голливуд актёру Леонардо Ди Каприо менен сүйүү мамилесинде болгон. Бирок 2009-жылы Томас Брэди аттуу футболчуга турмушка чыгып, азыр түгөйлөр 2 баланы тарбиялап келет.
20-июлдун жылнаамасы.