ЖЫЛНААМА, 20-ИЮЛЬ: Ырчы Абир Касенов туулган күнүнүн алгачкы мүнөтүндө жагымдуу белек алганын айтат

Бүгүн, 20-июлда популярдуу ырчы Абир Касенов 32 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, өздүк майрамын белгилебей турганын айтты.

"17 жашка чейин туулган күнгө маани берип, жакындарымдан белектерди күтчүмүн. Азыр болсо өздүк майрамымды кадимки эле күндөрдөй өткөрүүгө аракет кылам. Бүгүнкү туулган күнүмдө алган эң алгачкы жана жагымдуу белегим - саат 00:00дө жубайымдын өөп куттуктаганы болду", - деди ырчы.

Белгилей кетсек, Абир Касенов 1985-жылы 20-июлда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Шалта айылында төрөлгөн. 1-класска №66-мектепке кирип, кайра 2-класска көчкөндө №6-орус мектепке которулган. Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика факультетин аяктаган. Жаштардын табитине жаккан "Бир элес", "Асыл тумарым", "Вера в любовь" деген ырлары менен шоу-бизнеске аралашкан. 2016-жылдын 7-июлунда ырчынын "Ишеним" аталышындагы алгачкы автордук ырлар жыйнагынын бет ачары өткөн.

20-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nur8777
2017-07-20 23:29:16
Туулган кунунуз менен!
+3
Han1
2017-07-20 23:58:04
Ушу ырчы жагат.Туулган кунунуз менен
+1
Aruwka.89
2017-07-22 01:20:48
Апей жубайы барбы,?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан